Стейкхолдеры

Иш берүүчөр менен жолугушуу! ЭТФ кафедрасынын доценти, т.и.к., доцент Эркинбай Садыков Кыргыз Республикасынын, Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А. С. Жаманбаев атындагы. Жаратылыш байлыктары институтуна барып, PhD докторант Хасанова Гүлкан менен институттун жетекчилиги, лаборатория башчылары жана илимий лабораториянын кызматкерлери менен жолугушуп келди. Жолугушууда илимий изилдөөнүн методикасы, илимий лабораториядагы установкалардын иштөө принциптери менен таанышты. Ошондой эле эки жактуу илимий кызматташууну ишке ашыруунун башка дагы жолдорун талкуулашты.