85 жылдык юбилейди куттуктап, Өзбек Республикасынын Фергана политехникалык институтунун кафедра башчысы, физика- математика илимдеринин доктору, профессор Носиржон Хайдарович Юлдашов, PhD доктор Балтобой Мамадалиевдер ЭТФ, ЖФ , ФОУ кафедрасынын окутуучулары жана физика адистигинин студенттери менен жолугушту. Профессор Н. Х. Юлдашовко "Эң мыкты чет өлкөлүк партнер" наамы ректор К.Г. Кожобеков тарабынан ыйгарылды. Меймандар ОшМУга жана ЭТФ кафедрасына баалуу белектерди тапшырды. Жолугушууда эки тараптуу илимий иштер боюнча кызматташууну андан ары улантуу мамилеси каралды. Профессор Н. Х. Юлдашов 01.04.07- конденсацияланган заттардын физикасы - адистиги боюнча адистешкен докторлук илимий кеңештин мүчөсү, PhD докторант Хасанова Гүлкандын чет элдик илимий жетекчиси.
Ошондой эле бул жолугушууга БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун профессору М. М. Таиров да катышты.
Жолугушуу 31- май күнү саат 14:30 да болду.