2024-жылдын 29-март күнү ОшМУнун 85 жылдык мааракесине жана ОшМУда физика мугалимдерин даярдоонун 85 жылдыгына карата иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы уюштурган жолугушуу болуп өттү.
Анда Ош шаардык билим беруү башкармалыгынын “физика” боюнча башкы адиси Акжолов Абдыкалык Пайзылдаевич жана Ош шаарындагы, райондордогу мектеп жетекчилери жана физика мугалимдери, ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү келип катышышты.