Жаңылыктар

Заманбап окутуучу       

2024-жылдын 22-май күнү ОшМУнун "Заманбап окутуучусу" конкурсунун катышуучусу окутуучу Бекжан кызы Гүлайым "Атомдук физика. Атомдун ядролук модели. Бордун кванттык постулаттары" деген темада ИСТ(б)-1-22 тайпасына ачык-практикалык сабакты эксперттер тобуна өтүп берди.






Чет мамлекеттик өнөктөштөр менен жолугушуу       

2024-жылдын 31-май күнү саат 14:30 да 207-аудиторияда ОшМУнун 85 жылдыгынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Фергана политехникалык институтунун “Физика” кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д. профессор Юлдашев Насирдин Хайдарович жетектеген эмгек жамааты менен окуу жайдын Жалпы физика жана ФОУ, ЭТФ кафедраларынын жалпы жамааты, студенттери жана магистранттарынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда ар кандай маселелер талкууланып, студенттер өздөрү кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.
                        

      

2024-жылдын 31-май күнү ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын ф.-м.и.к., доценти Жолдошбай Эгембердиев көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү жана илим тармагына кошкон салымы жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын министрлер комитетинин ардак грамотасы менен сыйланды. Агайга ден соолук, үй бүлөлүк бакыт жана иштерине ийгилик каалайбыз.
                        



2024-жылдын 13-14-июнь күндөрү Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын 550200 физика - математикалык билим берүү багытынын "физика" профилинде окуган ФЕ(б)-1-20 тайпасынын 4-курсунун студенттери мамлекеттик аттестациялык экзамендерин жана квалификациялык жумуштарын ийгиликтүү коргошуп, бакалавр даражасына ээ болушту.

   Конок лекция       

Жалпы физика жана ФОУ, ЭТФ кафедралары тарабынан уюштурулган ф.-м.и.д., профессор кыргыз илимин коомчулукка тааныткан коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев “Физика илиминин азыркы учурдагы абалы” деген темада ОшМУда онлайн лекция өттү. Онлайн лекцияга МФТИТ институтунун директору, доцент Б. А. Азимов, физик окмуштуулар, магистрлер, 2-3-4-курста окуган физик студенттер жана Ош шаарынын, Кара-Суу, Ноокат районунун физик мугалимдери катышты. Онлайн лекцияда профессор Каныбек Осмоналиев азыркы физика илиминин 6 жетишкендиктерине кеңири токтолуп, угуучулардын суроолоруна жооп берди.







  Студенттик олимпиада       

2024-жылдын 20-апрелинде Ош технологиялык университетинде ХI аймактык университеттер аралык студенттик олимпиада болуп өттү. Бул Олимпиадага 550200 Физика-математикалык билим берүү "Физика" профилинде окуган студенттер катышып, төмөнкү дисциплиналар боюнча байгелүү орундарга ээ болушту. физика (профиль) ФЕ(б)-1-21 тайпасынын студенттери: 2-орун Абдилла кызы Орозгүл 3-орун Сабирова Самара багыныдырышты. Кыргыз тили жана адабияты (улантуучу) ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенти Абдиламитова Акылай 1-орунду ээледи.






Бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу       

2024-жылдын 30-май күнү саат 14:30 да 209 аудиторияда ОшМУнун 85 жылдыгынын алкагында физика адистигин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр, Кувейт университетинин физика кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Дөөлөтбай Бабаев жана Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү адиси, п.и.к., доцент Бибисара Мурзуибраимова менен окуу жайдын Жалпы физика жана ФОУ, ЭТФ кафедраларынын жалпы жамааты, студенттери жана магистранттарынын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда физиканы окутуунун көйгөйлөрү, сааттарды көбөйтүүнүн жолдору талкууланып, студенттер кызыктырчу суроолоруна жооп алышты.
                        

      

2024-жылдын 22-апрель күнү Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда ОшМУнун 85 жылдыгына арналган "Математиканын, физиканын, техниканын жана информациялык технологиялардын актуалдуулугу жана физика, математика, информатика мугалимлерин даярдоодогу акыркы тенденциялар" аталышындагы илим жумалыгында А. Эгемназарованын жетекчилиги астында мыкты баяндама жасап 2-орунду ээлегендиги үчүн ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенти Апсаматова Тумариза 2-даражадагы диплом менен сыйланды.

      

МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын ф.-м.и.к., доцент Эегембердиев Жолдошбай агайга 2024-жылдын 29-апрель күнү Баткен мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен (протокол №5) Ардактуу профессор наамы ыйгарылды





2024-жылдын 27-май күнү 550200 "Физика-математикалык билим берүү" багытындагы "физика" профилинде окуган ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенттери квалификациялык жумуштарын алдын ала коргоо учурунда.