Ферганага иш сапар.
ФерМУнун чакыруусу менен ОшМУнун ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М. Ч. Осконбаев, улук окутуучусу ф.-м.и.к А. Орозбаева жана кафедранын профессору А. Ы. Курбаналиев ушул жылдын 13- 15- февраль күндөрү иш сапар менен барып келишти. ФерМУнун физика кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д.проф. Анаркулов Каримберди жана Расулов Рустам менен конденсацияланган заттардын физикасы боюнча PhD докторанттарды биргеликте даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Ошондой эле бакалавр адистигинин мобилдүүлүгүн да ишке ашыруу, жатакана маселелерин да сүйлөштүк.
ФерПИге иш сапар.
ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М. Ч. Осконбаев, профессору, ф.-м.и.д, профессор А. Ы. Курбаналиев, улук окутуучу, ф.-.м.и.к. А. А. Орозбаева Фергана политехникалык институтуна 13-16- февраль күндөрү иш сапар менен барып, конок лекция өтүп, ФерПИнин профессору ф.-м.и.д., профессор Носиржон Хайдарович Юлдашев менен эки тараптуу PhD докторанттарды даярдоо, конденсацияланган заттардын физикасы боюнча биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишти.
ФерПИге иш сапар.
2025-жыл 22- май күнү ЭТФ кафедрасында Германия Республикасында иштеген, т.и.д, профессор Талант Рыспаев менен кафедранын окутуучулук- профессордук курамы менен жолугушуу болуп, келечектеги биргелешкен илим изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында сүйлөшүүлөр болду. Математика, физика, техника жана информациялык технология институтунун директору, ф.-м.и.к., доцент Азимов Б.А дагы катышты. ошондой эле физик бакалавр жана магистр студенттер менен жолугушуп, Германияда окуунун жана иштөөнүн жол жоболорун түшүндүрүп берди.