Ички конок лекциялар

Конок лекция

А.Н. Косыгин атындагы Россия мамлекеттик университетинин профессору, техника илимдерин доктору, профессор Елена Сергеевна Бокова менен физик адистигинде окуган студенттер жана ЭТФ кафедрасынын жамааты жолугушту. Елена Сергеевна эки окуу жайдын ортосундагы кош дипломдуулук боюнча келишим түзүлгөндүгүн жана аталган окуу жайга бьюджеттик негизде магистратурага окууга чакырып кетти.

Конок лекция

2023-жылдын 29-марттында КУИАнын физика институтунун лаборатория башчысы, ф.-м.и.д., профессор Касмамытов Нурбек Кыдырмышевич ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаевдин чакыруусу менен ФЕ(б)-1-19 группасындагы физик студенттерге конок лекция өтүп, суроолорго жооп берди.

Конок лекция

14-майда ОшМУнун физика адистигинин 4-курс студенттерине К. Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, ф.-м.и.к., доцент Садыкова Элнура «Заттардын электрондук теориясы» деген аталыштагы конок лекция өттү.


Конок лекция

2025-ж. 24- апрель күнү саат 14;00дө 209- аудиторияда, Аль Фараба атындагы Казак улуттук университетинин магистры Камила Муталипова МФТИТ институнун "Физика" адистигинде окуган бакалавр багытындагы студенттер, 510400 "Физика" багытында окуган магистрлер жана Физика окутуучу - профессордук курам үчүн конок лекция өтүп берди. Камила Аль Фараби университединдеги магистратуранын өзгөчөлүгүн, бакалаврды бүтүп 13 жылдан кийин гранттык орун менен магистратурага тапшырып окуп жаткандыгын белгиледи. Азыркы учурда чет элдик магистратураны каржылоочу гранттар өтө көп экендигин, керек болсо грантка кантип тапшыруу боюнча жардам берерин айтып, студенттердин жана магистрлердин суроолоруна жооп берди.