Кандидаттык диссертация корголду

2014-06-23 16:10:53 201

Ушул жылдын 20-июнь күнү ОшМУнун алдындагы К01.12.012 кандидаттык диссертацияларды коргоочу диссертациялык кеңеште 01.04.07.-"конденсацияланган заттардын физикасы" адистиги боюнча ЭТФ кафедрасынын улук окутуучусу Каденова Батмакан Ажимаматовна "Жегич-галоиддик кристалдардагы радиациялык дефектердин пайда болуу, бири-бирине айлануу жана ажыроо процесстерин моделдештирүү" деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.Илимий жетектчиси, КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, ф.-м.и.д., профессор Байыш Арапов. Официалдуу оппоненттери: ф.-м.и.д., профессор Каныбек Шаршеев, т.и.к., доцент Эркинбай Садыков.Жетектөөчү мекеме: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.