Энергетика кафедрасынын студенттери 2025-жылдын 01-04-апрель күндөрү Кыргызстандагы ири ГЭСтерде экскурсияда болушту

2025-04-08 17:20:18 135

     Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун окуу планына ылайык Энергетика каедрасынын кафедра башчысы, доцент З.Ш. Айдарбеков, ага окутуучулар Б.Р. Досонов, А.М. Жороев, окутуучу Ж.А. Жумакуловдор жана 640200- “Электроэнергетика жана электротехника” багыты боюнча бакалавриат программасында окуган II, III жана IV курстун студенттери өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикасына эки этап менен ОшМУнун № 1494-ФХД/25 25.03.2025 буйругунун негизинде, аталган практикалар учурунда Кыргызстандын ири ГЭСтеринин (Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери), ОРУ-500кВ жана 500 кВ “Датка” подстанциясынын түзүлүшү жана иштөө принцибин студенттерге көргөзүү жана практика жүзүндө үйрөтүү максатында 2025-жылдын 01-04-апрель күндөрү экскурсия уюштурулду.       Студенттер үчүн пайдалуу болду. Теориялык жактан алган билимдерин практика жүзүндө бышыктап, таанышып кайтышты.       Экскурсия учурунда Токтогул ГЭСтери каскадынын башкы инженери Артыков Т.К. жана Таш-Көмүр ГЭСтери каскадынын директору А.А. Камчыбековдор жылуу тосуп алып, азыркы учурда энергетика тармагына билимдүү, кесипкөй адистер керек жана иштейм деген студенттер болсо эшигибиз ачык деп барган студенттерди кубандырды.