Новости кафедры

Физика-математика билим-берүү” багытынын физика профилинде окууган студенттерден, бул адистикти окуткан профессордук-окутуучулардан жана иш берүүчүлөрдөн сурамжылоо болуп өттү!!!

Бул сурамжылоо университеттин Физика-техника факультетинде келечек ишине компетентүү адистерди даярдоонун сапатын камсыздоо, окутуучулар, студенттер жана иш берүүчулөрдүн ортосундагы мамилени чыңдоо, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу процессине окутуучуларды жана студенттерди тартуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун эффективдүү жолдорун киргизүү, окутуучулардын окутуу процессинин жүрүшүнө карата “канааттануу деңгээлин” аныктоо максатында жүргүзүлдү.

Физика адистигинин бутуруучулорунун ассосациясынын кезектеги отуруму болуп отту.

Физика-техника факультетинин ЭТФ кафедрасында физика адистигин буткон томонку бутуруучулору ;

1. Турсунбаев Ж.Ж.- ФТФ нын деканын м.а. т.и.к., доцент;

2. Жакыпова Г. – ОшМУнун карьера борборунун башчысы;

3. Арапов Б.А. –ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор;

4. Арзиев Ж. –КР УИА, Жаратылыш байлыктары институтунун директору, т.и.д., профессор;

5. Токсонбаев К.Б. – Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын полковниги;

6. Чотонов Б.- КР УИА нын ТБ гү “Энергоресурстар жана геоэкология” илим изилдөө институнун директору, ф.-и.к., доцент;

7. Кадырбердиева Б.К.- №23 Кызыл-Тал орто мектебинин директору;

8. Өмүрбекова Г.- КӨУ нын ИТФ нын деканы, т.и.к., доцент;

9. Ниязбеков К.- Ош шаардык салык инспекциясынын бөлүм башчысы;

10. Абдиева А. –“Ош Электро” нун башкы бухгалтери;

11. Тажибаева А.М.- “Ош Таза -суу” АК нун башкы адиси;

510400 “Физика” магистратураны жана 550200 “Физика - математикалык билим берүү” багыты боюнча бакалаврды бүтүп жаткан бүтүрүүчүлөр менен жумуш берүүчүлөрдүн жолугушуу, бүтүрүүчүлөрдүн ассосациясы түзүү, ассосациянын төрагасын, орун басарын жана аймактык координаторлорун шайлоо болуп отту.

Илимий иш сапар!

2018-жылдын 20- , 21-апрель күндөрү кафедранын кафедра башчысы, ф.-м.и.д., профессор Б.Арапов, доцент М.Ч. Осконбаев жана аспиранттар А. Садыкбекова жана А. Орозбаевалар Захриддин Мухаммад Бобур атындагы Андижан мамлекеттик университетинин техника илимдеринин доктору, профессор Алиев Райимжон Усмановичтин 60-жылдык юбилейине арналган “Яримутказгичлар физикасининг ва кайта тикланувчи энергия манбаларини ривожлантиришнинг замонавий муаммолари” деген аталыштагы Эл аралык илимий конференцияга катышып, илимий баяндама жасап, активдүү катышкандыктары үчүн сертификат менен сыйланып кайтышты. Аны менен бирге, эки өлкөнүн профессордук-окутуучулары илимий багытта мындан ары да тыгыз байланышта болуп, көп ийгиликтер жаратаарын сүйлөшүштү. ОшМУдан мобилдүүлүк боюнча барган студенттер менен жолугушуп, маек курушту.

Лицензияга комиссия келди

2021-жылдын 19-20 май күндөрү ЭТФ кафедрасында жаңы ачылган 700800 “Техникалык физика” багыты боюнча лицензияны комиссия иштеп кетти. Эми 700801 “Криминалисттик экспертизанын физикалык методдору” жана 700802 “Медициналык физика” профилиндеги адистиктерди даярдоого мүмкүнчүлүк болот.

Германиядан келген профессор менен жолугушуу

2023-жылдын 27-декабрында Германиядан келген т.и.д., профессор Рысбаев Талант Акимжанович менен физика адистигиндеги 1-2-3-4-курстун студенттери жана 510400 «Физика» физика багытында даярдалуучу магистранттар менен конок лекция болуп өттү. Жолугушууну ЭТФ кафедрасынын башчысы ф.-м.и.к., доцент М.Ч.Осконбаев ачып, келген профессорду студенттер жана магистранттар менен тааныштырды. Профессор Рысбаев Талант Акимжанович «Нанотехнология» багытында лекция окуу менен Германия өлкөсүндө кайсы багыттар боюнча фонддорго грант жазуу керектигин жеткиликтүү презентациялардын коштосуу менен түшүндүрүп берди. ЭТФ кафедрасы менен магистрлерди бирге даярдап жаткандыгына токтолуп, келечекте PHD докторантураны биргеликте даярдоо боюнча сунуштарын айтты.

Жолугушуудан кийин ЭТФ кафедрасынын жамааты менен жолугушуп, профессор Ы.Ташполотов менен чогуу грант жазуу жана нанотехнология багытында кызматташуу жана доцент М.Ч.Осконбаев менен астрофизиканын көйгөйлөрү боюнча чогуу иштешүү макулдашылды. Профессор Рысбаев Талант Акимжанович ЭТФ кафедрасына 2023-2024-окуу жылынан баштап чакырылган профессор катары ишке алынган.

2022-жылдын 8-февраль күнү ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Осконбаев Маралбек Чотоевич кафедраларынын окутуучуларына жана магистранттарына “ Иондук кристаллдардагы дефекттерди моделдештирүү ” деген темада семинар өттү. Семинар суроо-жооптор менен коштолуп, кызыктуу баяндалды.


2022-жылдын 18-февраль күнү ЭТФ кафедрасынын лаборатория башчысы Садыкбекова Айкөкүл кафедранын окутуучуларына жана магистранттарга “Металл эмес кристаллдардагы термикалык күйүүдө нейтралдык комплекстүү дефекттердин квазиосцилляциялык касиеттери ” деген темада доклад окуду.


2022-жылдын 26-февралы күнү мектеп окуучуларынын предметтер аралык областтык олимпиада болуп өттү. Олимпиадада физика предмети боюнча байгелүү орун алган окуучулар ОшМУнун Ардак грамотасы менен сыйланышты.


“Билим” майрамы

ОшМУда 21-апрель күнү мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Билим” майрамы белгиленип, ага кафедранын мүчөлөрү, студенттери активдүү катышышты. Майрамда кафедранын жетишкендиктери, студенттер жараткан эмгектер көргөзмөсү коюлуп, бүтүрүүчүлөр өздөрүнө кафедранын адистиктери тууралуу кенири маалымат ала алышты. Маалымат берүү менен биргеликте, таркатма материалдар да таркатылды.
                         Метод семинар!
      Физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасы жана ЖФ жана ФОУ кафедрасынын жамааты биргеликте “Физиканы окутуунун актуалдуу проблемалары” деген аталыштагы методикалык семинар уюштурушту. Семинарда физика багыттындагы бир топ маселелер сунушталып, талкууланды. “Физика” адистигин Эл аралык коз карандысыз аккредитациядан откорууго даярдык каралып, оздук отчетту даярдоого жумушчу топтун мучолору жаныланып, иш-пландары бекитилди.      

  

    

 

Ош облустук олимпиада -2023-ж

2023- жылдын 27-28- февраль күндөрү Ош областтык мектептер арасында У. Салиева атындагы мектеп-лицейинде олимпиада болуп өттү. Физика предмети боюнча терендетилген жана жалпы билим берүү болуп эки команда катышты. Калыстар тобу Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын окуутуучулар курамы тактап айтканда, ОшМУнун, ОшКУнун жана мектеп мугалимдери текшерип,жыйынтыгында алдынкы орунду ээлеген окуучуларга өздөрүнүн жакшы пикирлерин айтуу менен республикалык олимпиадага жолдомо алгандарга ийгилик каалашты

Секция иштер

2023-жылдын 11- май күнү илим жумалыгынын алкагында ЭТФ кафедрасында 2-секция иш алып барды. 1–секция «Иондук кристаллдар жана андагы» процесстер». Төрагасы М.Ч. Осконбаев. 2-секция «Композицияланган материалдар жана аларды алуунун жолдору». Төрагасы ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов.

Эки секция тең магистрлер жана студенттер илимий баяндамаларды жасашты. Илимий темалардын актуалдуулугу, аны чечүүнүн оргиналдуу усулдары жана алынган илимий жыйынтыктар кызуу талкуланды. Натыжада 1 секция боюнча төмөнкү баяндамачылар белгилүү орундарга ээ болушту:

1-орун Асанова Асия,

1-орун Маматова Мээрим.

2-орун Абдимиталип кызы Райкан,

2-орун Мурат кызы Медерина.

3-орун Жумабаева Гүлжамал.

Студенттер арасында 1- орунду Таштанбек кызы Айзирек алса,

2-секия боюнча:

1-орун Талипбек кызы Айтгул,

1-орун Төлөков Канатбек .

2-орун Тагаев Максатбек,

3-орун Дыйканова Каныкей,

3-орун Маматазим кызы Айзирек.

Студенттер арасында 1- орунду Низомжон кызы Фарангиз алды.


Санарип мугалим –Дубай-2022

ОшМунун физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын окутуучусу, жаш илимпоз физика-математика илимдеринин кандидаты Айнагул Асланбековна Орозбаева Кыргыз Республикасындагы «Санарип мугалим академиясы » тарабынан уюштурулган «Санарип мугалим –Дубай-2022 » республикалык кароо сынака катышып, санарип академиясынын ардак грамотасы жана «Санарип мугалим» төш ​​белгиси жана күбөлүгү менен жеңүүчү деп табылып сыйланышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. «Санарип мугалим-Дубай-2022» республикалык конкурс 15-марттан 25-майга чейин төмөнкү тапшырмаларды аткаруу шартты менен өткөрүлгөн:

1. Санарип технологияны колдонуп сабак өтүү ( https://www.facebook.com/groups/510698196324657/permalink/1061716961222775 /?sfnsn=mo & ссылка=поделиться )

2. «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» (Финляндия мамлекетинин мисалында)

3. Экскурсиялык сабак ( https://m.facebook.com/groups/510698196324657/permalink/1091224498272021 /?sfnsn=mo & ссылка=поделиться )

Республика боюнча конкурска 500 жакын мугалимдер катышып, жеңүүчү болуп ОшМУнун желегин бийик көтөргөн Айнагул Асланбекованын мындан ары түйшүктүү педагогикалык ишине, илимий иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Физика-техника факультетинин деканы, доцент З.Ш.Айдарбеков , ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаев.


Билим берүү, илим жана өндүрүштүн интеграциясы

2022-жылдын 2-3-июнь күндөрү Ош областык администрациясынын конференция залында «Билим берүү, илим жана өндүрүштүн интеграциясы» аталышындагы эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү. Бул конференция Ош областык администрациясынын, Улуттук илимдер академиясынын Жаратылыш байлыктары институтунун, Ош технологиялык университетин демилгеси менен өткөрүлдү. Конференцияга Ош шаарынын бардык жогорку окуу жайларынын ректорлору, өндүрүш ишканаларынын жетекчилери жана Казахстандан, Өзбекстандан, Бишкек жана Кара-Кол шаарларынан илимпоздор келип катышышты.

Пленардык жыйында ОшМУнун «Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору Ы.Ташполотов «Билим, илим жана өндүрүштөгү санариптик технология» деген аталыштагы доклады, ал эми ушул эле кафедранын доценти Э.Садыков секциялык отурумда «Агын суулардан сейрек кездешүүчү элементтердин оксиддерин алуунун технологиясы аталыштагы илимий докладды жасашты.

Мыкты куратора -2023

ОшМУда өткөн «Мыкты куратор -2023» конкурсунда, ЭТФ кафедрасынын улук окутуучусу Асылбек Жапаркулов ФЕ(б)1-20 группасы байгелүү 2-орунду жеңип, диплом жана 15000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Агайдын жана группасынын жеңиши жана ийгилиги менен куттуктайбыз. ОшМУнун, факультеттин жана кафедранын аброю – бул жеңиш.


2023-жылдын 13-декабрь күнү устатыбыз, физика илиминдеги көрүнүктүү окумуштуу, ф.-м.и.д., профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмери, Россия табият илимдер академиясынын мүчө-корреспанденти, Байыш агайыбыздын туулган күнү болчу. Агайдын көзү тирүүсүндө биз үчүн чоң майрам болоор эле. Ал дайыма биринчи болууну жакшы көрүүчү. Биринчилерден болуп ОшМУга 2004-жылы 01.04.07.- “Конденцацияланган абалдын физикасы” адистиги боюнча кандидаттык диссертация коргоочу адистиктешкен кеңештин төрагасы болгон. Ал диссертациялык кеңеште 15ке жакын изилдөөчү кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, азыркы мезгилде түштүк кыргызстандагы белдүү окумуштуулар.

Профессор Байыш Араповдун жетекчилиги менен 7 илимдин кандидатын жана 2 илимдин доктору илимий иштерин коргошкон. Профессор Байыш Арапов ОшМУнун, факультеттин жана кафедранын түптөлүшүнө жана өнүгүшүндө опол тоодой эмгеги бар. Агайыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Агай, окуучуларыңыз эч качан сизди унутпайт!

М.Ч. Осконбаев 13.12.2023-ж.


Магистрлердин профессионалдык иш-аракети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
• уюштуруучулук-башкаруучулук;
• аналитикалык;
• проекттик-экономикалык;
• илимий-изилдөөчүлүк;
• илимий-педагогикалык.

“Илим Фестивалы” магистратура бөлүмүндөгү чоң долбоор (проект)

Мен оюмду мындай сөздөн баштагым келди, эгерде 1117-жылы жергиликтүү бир чиркөө, өзүнүн алдында чиркөө университетин (азыркы “Оксфорд” университети) ачпаганда Воловий Брод айылы кандай болмок. Албетте Университеттин алдындагы эң чоң бир милдет билим берүү болсо, экинчи милдети бул андан кем калышпаган - өзү жайгашкан чөйрөнү кошо өзгөртүү.

Биздин “Илим Фестивалынын” максаты жаштарга терең билим жана тарбия берүү менен аларды илимге кызыктыруу аркылуу коомду, чөйрөнү өнүктүрүүгө, экономиканы көтөрүүгө салым коштуруу, Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүгүүсүнө багыт алуу. Ошентип биздин университеттик “Илим Фестивалыбыз” — бул магистранттардын өз алдынча ойлонуу, анализдөө чеберчилигин арттырууга жана заманбап илимий технологияларды пайдаланып илимий изилдөө иштерин жүргүзөө билүүгө үйрөтүүчү, алардын жалпы кесиптик, башкаруучулук, коомдук жана маданий компетенцияларын калыптандыруучу алдыдагы чоң долбоор. “Илим Фестивалынын” алкагында:

1. “Билимим, билгендерим, көргөндөрүм, көндүмдөрүм, компетенцияларым баа үчүн эмес, өзүмдүн жаркын, жакшы жашоом үчүн!”, - деген девиз менен магистранттардын окуу процессиндеги, илимий иштериндеги жетишкен ийгиликтеринин, ачык сабактарынын иштелмелеринин, (портфолиолору), чыгармачылыктарынын жеке көргөзмөлөрү ж.б. магистратура бөлүмдөрүндөгү жетишкендиктердин, магистранттардын илимий долбоорлорунун ярмаркаларын байма-бай өткөрүү;

2. Ар жылы өткөрүлүүчү “Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” аттуу илимий конференциясы алардын чыгармачылык идеяларынын, ойлоп табууларынын, өндүрүшкө практикалык сунуштарынын, гипотезалардын жана мыкты инновациялык иштелмелеринин, долбоорлорунун сынак (конкурстары) менен “Магистранттар

    Ден-соолук жана сулуулук окуунун өбөлгөсү!

      ФЕ(б)-1-14 тайпасынын куратору, Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, профессор Б.Арапов куратордук сааттарында пландаштырылган темалар боюнча өз тайпасынын студенттерине ары кызыктуу, тарбиялык мааниси жогорку деңгээлде өтүлүүдө. Студенттерге жеткиликтүү болуусу үчүн тарбиялык сааттын темасына жараша бөлүмдөр менен өз ара келишим түзүп, аталган жерлерге студенттер барып, таанышып, үйрөнүп келишти. Тарбиялык сааттын өтүлүүсүндө студенттер менен кафедранын улук лаборанты Г. Токторбаева иш алып барды. Атап айтсак, март айында “Ааламдын көркү аялзат” деген темада сулуулук салондорунун адистери менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул жолугушууга “Дарья” сулуулук салонунун жетекчиси Дарья Батырханова жана Faberliс сулуулук компаниясынын өкүлү, мастер Айпери Ысмаиловалар келишип, тайпанын студенттерине өзүн-өзү дайыма окуу жайда көрүнүктүү алып жүрүүсү үчүн кеп-кеңештерип беришип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.















Апрель айынын экинчи жумалыгында, “Ден-соолуктун бүткүл дүйнөлүк күнү” деген темадагы куратордук сааты, ОшМУнун медицина факультетинин виртуалдык клиникасында өтүштү. Ал жерде, виртуалдык лабораториянын башчысы, мед.и.к., доцент С.Жолдубаевтин жетекчилиги менен таанышылып, ден соолукту кам көрүүнү, оорулуу адамга көрсөтүлүүчү алгачкы жардамдарды үйрөтүп, адамдын ички органдарынын түзүлүшүн практикалык жактан көрсөттү. Студенттер ден соолукту кам көрүүдөгү көптөгөн маалыматтарды ала алышты.
    

Билерман ордо жана акыл таймаш

2023-жылдын 11-май күнү илим жумалыктын алкагында ЭТФ кафедрасынын улук окутуучулары А. Жапаркулов, А. Орозбаева жана Жаңыбай кызы Дияна тарабынан физик студенттерге арнап уюштурулган «Билерман ордо» мелдеш өттү. Мелдешке 1-2-3-курстун студенттери катышып:

1-орунду 3-корстагы Алтынбек кызы Диана жана Касымова Айназик,

2-орунду 2курстан Адылжан кызы жана Тонбаева Мадина, ал эми

3-орунду 1-курсунтери Кыргызбаева студент Каныкей жана Салиева Дарикалар жеңип алышты.

Илим жумалыгынын жыйынтыгы

2023-жылдын 12- май күнү илим жумалыгында активдүү катышкан студенттер, магистрлер жана аспиранттар сыйланышты. Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, факультетте өткөрүлгөн илим жумалыгына ЭТФ кафедрасынын 1-курсун куратору, улук окутуучу, ф.-м.и.к. Орозбаева Айнагул, 3-курсун куратору, улук окутуучу А. Жапаркулов, ЭТФ кафедрасынын кызматкерлери Жаныбай кызы Диана, Турдали кызы Назик, Кадыралиев Айбек жана ошондой эле Фе(б)1-22 жана Фе(б)1-20 групасынын студенттери жана ФЕ(м)-1-22 групассынын магистрлери активдүү катышты.


Эл аралык конференцияда

2023-жылдын 28-30-сентябрында ЭТФ кафедрасынын профессору Ы. Ташполотов жана кафедра башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев Өзбек Республикасындагы Фергана политехникалык институту уюштурган Эл аралык VI-илимий конференцияга катышып, пленардык жыйында баяндамаларды жасап келишти.

Кош дипломулук жана мобилдүүлүк боюнча онлайн конференция

Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасы менен Л.Н. Гумилев атындаги Евразия улуттук университетинин физика-техника факультетинин жалпы физика жана теориялык физика кафедрасынын жамааттарынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча онлайн конференция болуп өттү.

Евразия улуттук университетинин физика-техника факультетинин деканы, ф.-м.и.к, доцент Ержанов Кобланды Канаевич жана ОшМУдан ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаев, профессорлор Байыш Арапов, Ысламидин Ташполотов, доцент Эркинбай Садыков, ага окутуучу Асылбек Жапаркулов, окуутучулар Айнагул Орозбаева жана Айкөкүл Садыкбековалар катышты. Кош дипломдуулук, мобилдүүлүк жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.


      Бүтүрүүчү-2022

1-июнь күнү физика техника факультетинин физика жана электр менен камсыздоо адистигинин бүтүрүүчү студенттери «Бүтүрүүчү-2022» салтанаттуу кечесин ОшМУнун чоң залында өткөрүштү. Физика адистигинин бүтүрүүчү студенттери уюштурган бул иш чарага физик студенттердин ата-энеси толук катышты. Алыскы Лейлек районунан жана Ала-Бука районунан да келип салтанатка катышты.

Бүтүрүүчүлөр кечесине окуткан агай-эжекелери профессорлор Б.Арапов, А.Ташполотов, доценттер Э.Садыков, Б.Каденова, кафедра башчылары доценттер М.Ч.Осконбаев, Т.Матисаков жана ага окутуучулар М.Б.Курбаналиев, А.Жапаркулов, окутуучулар А. Орозбаева, Ж. Молдоярова, М.Калбекова жана ошондой эле көмөкчү кызматкерлер катышты. Кэчээни факультеттин деканы доцент З.Ш.Айдарбеков ачып, кафедра башчылары жана окуткан профессор-окутуучулары куттукташты. Ата-энелер ыраазычылык сөздөрүн айтышып, бүтүрүүчүлөр даярдаган программаларын тартуулашты. Майда курсун студенттери салтанатты колдоп ырдап, бүтүрүүчүлөргө белектерди тартуулашты


Ата-энелер менен болгон жолугушуу!

2023-жылдын 16-июнь күнү ФЕ(б)1-22 тайпасынын ата-энелери менен ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев жана аталган кафедранын улук окутуучусу, ФЕ(б)-1-22 тайпасынын куратору А.Орозбаева жыйын өткөрдү. Жалпы жыйынга 16 ата-эне катышты. .Жыйында 13 студентке жыл ичинде окууда жетишкен ийгиликтери жана маданий иш-чараларга активдүү катышкандыктары үчүн факульттеттин атынан ыраазычылык кат берилди. Ошондой эле, ата-энелерге куратору А.Орозбаева ар бир студенттин жүрүм-туруму тууралуу маалымат берип, сабакты көп калтырган студенттердин ата-энелери менен жекече сүйлөшүүлөр болду. Кийинки окуу жылына карата бир топ маселелер талкууланып, көйгөйлөр чечилди.

АнМУ профессору менен жолугушуу!

ОшМУга Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинен бир топ профессорлор илимий-иш сапар менен келишти. Алардын ичинен АнМУнун профессору, техника илимдеринин доктору Алиев Раимжон Осмонович физика-техника факультетинин жалпы жамааты менен жолугушту. Жолугушууда ЭТФ кафедрасынын башчысы, профессор Б. Арапов менен жеке отуруп, илимий иштер, мындан аркы достук мамилелерди бекемдөө тууралуу кенен сүйлөшүшүү менен бирге, кафедранын окуу кааналары, лабораториялык кааналары жана Ф.Н. Заитов жана Ю.Л. Луканцевер атындагы кафедралар аралык илимий-окуу борбору менен тааныштырып өттү. Андан ары окутуучулар жана студенттерге доклад окуп, өзүнүн илимий ачылыштары жөнүндө тааныштырып өттү.

Ата-энелер менен жолугушуу

ФЕ(б)-1-20- группасынын 3-курсунун студентти Улукбек уулу Нурбакытдын чоң атасы , Джумалиев Самидин аксакал менен ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев жана ушул группанын куратору, ага окутуучу А.Жапаркулов менен жолугушуу болду. Небересинин окуудагы ийгиликтери ж.б. маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, небересинин илимпоз болуусуна шарт тузөөрүн баса белгиледи.

Магистрлер ОшТУда илимий конференциида

ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч. Осконбаев жана 510400 «физика» адистигинин 2-курсун магистранттары А. Байгазыев жана Г. Шабданова менен 1- курсунун магистр Г.Жумабаевалар «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук» жылына карата «Илим, технологиялар, инновациялар » аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин аймактык илимий практикалык конференцияга катышып , баяндама жасап келишти .

ОшМУда илим жумалыгы

Физика-техника факультетинде 25-апрелден 29-апрелге чейин “ Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук » жылына карата «Физиканын, энергетиканын көйгөйлөрү жана актуалдуу маселеси» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик 6-илимий практикилык конференциясы өтүп жатат.


2023-жылдын 17-майда ОшМУнун физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасы ачык эшиктер күнүндө

Илимий конференция!

Кафедранын мүчөлөрү: ф.-м.и.д., профессор Б.Арапов, профессор Ы. Ташполотов, доценттер Э. Садыков, М.Ч. Осконбаев, аспиранттар А. Орозбаева, А. Садыкбекова жана магистрант Салайдин к. Т. 19-май 2018-ж. күнү Ош технологиялык университетинде “Физика” кафедрасынын б.и.к., профессору Асанов Маматазим Асановичтин жаркын элесине арналган жана кафедранын 25 жылдык юбилейине уюштурулган “Илимде жана билимде физика-техникалык проблемалар” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференцияга катышышып, доклад жасашты. Жасалган докладдардын илимий макалалары “Известия Ошского технологического университета” журналында жарыкка чыкты.

2022-жылдын 24-март күнү эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору Ы.Ташполотов ФЕ(б)1-19 тайпасына “Электродинамика жана САТ” предметинен ачык сабак өттү. Ачык сабакка кафедра башчы, доцент М.Ч. Осконбаев, кафедранын окутуучулары жана көмөкчү кызматкерлер катышты.

510400 «Физика» багытындагы ФЕ(м)1-20 группасынын магистрлери сабак учурунда.


ОшМУнун ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаев Ульянов мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык институнун директору, т. и. к. Павел Борисович Пазушкин менен «Техникалык физика» адистигин кош дипломдуулук багытта даярдоо тууралуу алдын ала сүйлөшүүлөр болду.


Физика-техника факультетинде ата-энелер.

Физика адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери адистикти даярдоодогу сапат, материалдык –техникалык база, студенттин алган билимине канааттаануу, келишимдик бааны төлөө, ата-энелер менен байланыш, адистиктин жана ОшМУнун коомдогу орду жана башка суроолору камтылган анкеталарды толтуруп, ЭТФ кафедрасынын жамааты менен пикир алмашты.

Физика адистигинде окуган студенттерге Чехиянын Батыш Богемия университетинин ректору Мирослав Холечек лекция өттү.

       Чехиянын Батыш Богемия университетинин ректору Мирослав Холечек Физика профилинин 3- жана 4- курстарынын студенттерине Физика дисциплинасынан “Maxwell‘s demon” деген темада англис тилинде лекция окуп берди. Эл аралык медицина факультетинин табигый илимдер жана математика кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д.,проф. Курбаналиев Абдыкерим Ырысбаевич кыргыз тилине которуп берди.

Конок лекция

ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч Осконбаев областтык билим берүү институнда 21-сентябрь күнү билимин өркүндөтүүгө келген угуучуларга конок лекция өтүп келди. Лекцияда мектепте физика сабагынан виртуалдык лабораторияларды кантип өтүү маселеси каралды.

(02.05.2021 протокол №17) Бул күнү Ош облусунун айрым мектептеринин окуусу иштери боюнча директордун орун басарлары, директорлору ЭТФ кафедрасынын жамааты менен тегерек стол уюштурушту. Күн тартибинде 510400-физика магистратурасынын НББПсы талкууланды. Айтылган сунуш, ой- пикирлер эске алуу, магистратурада билим алуу, мыкты адистерди чыгарууга чогуу иш алып баруулар каралды.

Ачык сабак

08.04.2022-ж. күнү ЭТФ кафедрасынын кезектеги ачык сабагын « Физиканын жана механиканын өнүгүүсүндөгү Галилейдин ролу. Декарттын эмгектериндеги дүйнөнүн механикалык сүрөттөлүшү” деген теманын алкагында, кафедранын окутуучусу А. Орозбаева ФЕ(б) 1-18 тайпасына өттү.

Сабакта интерактивдүү методдордун колдонулушу сабактын максатына жетүүгө чоң өбөлгө түздү. Студенттер аябай кызыктуу катышып, креативдүү ой жүгүртүүлөрүн көргөзө алышты. Сабактын жүрүшүндө 80% студенттер анализ, синтез жүргүзүштү.

Ачык сабакка катышкан окутуучулар сабакка өз бааларын берип, сунуш пикирлерин айтышты.


Илимий иш сапар!

ОшМУнун физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Б. Арапов жетектеген делегация: профессор Ы. Ташполотов, доценттер Э. Садыков, М.Ч. Осконбаев, доцент м.а. Т. Матисаков жана аспирант А. Орозбаевалар Өзбекстандын Фергана областынын Фергана политехникалык институтуна IV Эл аралык илимий конференцияга барып, илимий доклад жасап кайтышты.

   
   БатМУ физиктери мейманда

27-мая күнү ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаевдин чакыруусу менен БатМУнун Кызыл-Кия педагогикалык институнун физика адистигинин 2 жана 4-курстарынын студенттери ОшМУга келишип, физика-техника факультетинин физика адистигин даярдоочу адистешкен лабораториялар, лекциялык залдар жана илимий лабораториялар менен таанышты. Ошондой эле физик окумуштуу агайлар, ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов, ф.-м.и.к., доцент Ж. Эгембердиев, т.и.к, доцент Э. Садыков, ага окутуучулар М.Б. Курбаналиев, А.Жапаркулов менен жолугушуп, агайлардын баалуу кеп-кенештерин угушту. Аягында студенттерге ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч.Осконбаев конок-лекция окуп берди.

Факультеттин деканы, доцент З.Ш.Айдарбеков жана ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаевдин атынан БатМУнун профессору Т.М.Таировго жана факультетин деканы, п.и.к, доцент М. Темирбаевке ОшМУга экскурсия жана конок-лекцияларды уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.


Онлайн лекция болуп ө ттү

И. Арабаев атында кыргыз улуттук университетинин профессору, ф.-м.и.к. материал таануу тармагы боюнча дүйнөгө белгилүү илимпоз, көптөгөн чет өлкөлөрдө физиканын өзөктүү маселелери туурасында докладдарды жасаган, орус, англис, француз тилдеринде эркин сүйлөгөн чыгаан окумуштуу Ногаев Мелис Абдраимович Ош МУнун физика-техника факультетинин окутуучуларына, магистранттарына жана студенттерине “Сущность и свойство материалов” деген темада абдан кызыктуу онлайн-лекция окуп берди. Сабак ар түрдүү көргөзмө куралдардын, дидактикалык материалдардын жана слайддардын коштоосунда өттү. Соңунда декандын м.а. Жамболот Жанышович сөз сүйлөп, лектор агайга атайын убакыттын бөлүп, факультеттин жаматтына маңыздуу, пайдалуу лекция окуп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады. Ал эми аудитория кызыккан суроолоруна негиздүү жана ынанымдуу жоопторду алышты. Өз кезегинде Мелис Абдраимович дагы Ош МУнун электрондук-техникалык базасы, авн системасы мыкты иштеп жаткандыгына жогору баасын берди.

Болуп өткөн онлайн-лекцияга кафедранын жамааты активдүү катышышты.

Евразия улуттук университетинен ЭТФ кафедрасына кош дипломдуулук боюнча сүйлөшүүлөр

Казак Pеспубликасынын Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин жалпы физика жана теориялык физика кафедрасынын доцентти, Ph доктор Алтайбаева Азиза Биболовна, ОшМУнун физика-техника факультетинин ЭТФ кафедрасынын башчысы доцент М.Ч.Осконбаевдин чакыруусу менен окуу жайга келип , алгач ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору, доцент Абдувалиев Абдыганы Осмонович менен эки тараптуу меморандум тууралуу жолугушуу болуп , андан кийин ЭТФ кафедрасынын жалпы жамааты жана 3-4- курстун физик студенттери менен жолугушуп , кош дипломдуулук боюнча маалымат берип, студенттердин , пфофессордук-окутуучулук курамдын суроолоруна жооп берди. 2023-2024 –жылдан баштап, ОшМУда 510400 “Физика ” адистигинин “Конденсацияланган заттардын физикасы ” багыты боюнча бюджеттик негизде ( стипендияны Казак Республикасы айына 200$ төлөп, жатакана менен камсыздайт) кабыл алып 1-курсту ОшМУда, ал эми 2-курсту Евразия улуттук университетинде даядоо боюнча сүйлөшүүлөр болду. Биргелешкен окуу планын түзүү багытындагы иш чаралардын аткарылышы талкууланды. Ошондой эле бакалавр “физика” адистигиндеги студенттердин мобилдүүлүгүн ишке ашыруу жагы да макулдашылды.

      Окуу усулдук семинар!!!
  
     2018-жылдын 6-декабрь күнү саат 15:00 дө №209 каанада эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын 2018-2019-окуу жылы үчүн пландаштырылган «Катуу заттардын физикасы жана окутуунун усулу» аттуу илимий-методикалык семинарынын кезектеги баяндамалары угулду:
1. Баяндаманын аталышы “Кванттык физиканын эксперименталдык негиздери”, баяндамачы КР илимине эмгек сиңирген ишмер, ф.-м.и.д., профессор Б. Арапов.
2. Баяндаманын аталышы “Астрофизиканы үйрөнүүдө астрономиялык эсептерди иштөөнүн орду”, баяндамачы ф.-м.и.к., кафедранын доценти М.Ч. Осконбаев.      
 Доклад өтө кызуу талкууланып, көптөгөн ой-сунуштар айтылды.

Алайда- олимпиада

ЭТФ кафедрасынын кызматкери Талипбек кызы Айтгул 19-20-январда Алай районунда мектеп окуучуларынын арасында предметтер боюнча өткөн олимпиадага иш сапар менен барып, физика редметти жана профили боюнча комиссиянын мүчөсү катары эки күн иштеп келди. Район боюнча физика предметинен 24 окуучу катышты. Жыйынтыгында:

1- Орун №38 Ж. Исаев мектебинин окуучусу Апиева Нуркыял

2- Орун №23 М. Ташиев мектебинин окуучусу Көчкөнбаева Тангем

3- Орун №19 Курманжан датка мектебинин окуучусу Өмүралиева Нуриза

Олимпиаданын катышуучулары сертификат жана грамоталар менен сыйланышты. Олимпиададан көрүнүштөр:

                                     Ферганадагы Эл аралык достук онлайн конференциясы
      Ушул жылдын (2020-ж) 13-,14-, ноябрь айында Өзбекстан республикасынын Фергана областында жайгашкан Фергана политехникалык институттунда “Оптическим и фотоэлектрическим явлениям в полупроводниковых микро- и наноструктурах” аталышындагы V Эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияга жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк окумуштуулар онлайн катышышып, өз илимий тажрыйбаларын бөлүшүү максатында докладтарды жасашты. Бул аталган конференцияга ОшМУнун физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, ф.-м.и.д., профессор Байыш Арапов Эл аралык конференциянын пленардык отурумунда доклад жасап илимий жыйынтыктарын баяндады. Андан сырткары, кафедранын мүчөлөрүнөн доцент М.Ч. Осконбаев, аспиранттар А.Садыкбекова, А.Орозбаева катышышып сециялык отурумда докладтарын жасап, сертификаттарды алышты. 
    

Илимий жумалыгындагы иш чаралар.

МФТИТ институтунда 2024-жылдын 22-апрель күнү ОшМУнун-85 жылдык урматына илим жумалыгы өтүп жатат.Илим жумалыгынын пленардык отурумунда ЭТФ каф. профессору Ы.Ташполотов "Физика илиминин жалпы 30 жылдагы жетишкендиктери", кафедра башчы, доцент М.Ч.Осконбаев "ЭТФ кафедрасындагы илим-изилдөөнүн тарыхы" деген темада баяндамалар жасалды.

"Брейн-Ринг".

23-апрель күнү ФЕ(б)-1-20 группасы тарабынан уюштурулган МФТИТ институтунун 2-курсунун бакалавр студенттери үчүн "Брейн-Ринг" акыл-таймашы болуп өттү. Институттан 7 команда катышып, 1-орунга ФЕ(б)-1-22, 2-орунга ФМО(б)-2-22, 3-орунга ПМИ(б)-1-22 жана ПМИ(б)-1-22(W) группалары ээ болушту. ЭТФ кафедрасынын баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Илим жумалыгынын жыйынтыгы чыкты.

Институт боюнча кафедралар аралык дубал газета жасалгалоо конкурсунда ЭТФ кафедрасы тарабынан даярдалган " Физика- 85" дубал газетасы 1- орунду ээледи. Улук окутуучулар Асилбек Жапаркулов, Айнагүл Орозбаева, PhD докторанттар Хасанова Гүлкан, Юсупали уулу Залкар, магистрлер Толоков Канатбек, Маматова Мээрим, Түгөлбаева Акчолпон, студент Сталбек кызы Айзат баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Кафедра уюштурган " Брейн-ринг" конкурсунун жеңүүчүлөрү да " Ардак громата" менен сыйланышты.

ЭТФ кафедрасындагы кезектеги семинар.

2022-жылдын 23-март күнү саат 14:00дө ЭТФ кафедрасынын конденсацияланган заттардын физикасы боюнча кезектеги семинары болуп өттү. Семинарга кафедранын улук окутуучусу, физика-математика илимдеринин кандидаты Каденова Батмакан Ажимаматовна “ Теориялык илимий изилдөөлөрдө физикалык теориялардын структурасы ”- деген темада баяндама жасады. Илимий семинарга кафедранын профессордук-окуучулук жамааты жана 510400 “Физика” багыты боюнча даярдалуучу 1- жана 2- курстардын магистрлери катышты. Илимий баяндаманын аягында кызуу талкуу болду.

АнГУда эл аралык конференция

“Энергиянын альтернативдүү булактары жана алардын келечеги. Жарым өткөргүчтүк опто жана наноэлектроника”- деген аталыштагы эл аралык конференция Андижан мамлекеттикуниверситетинде өттү. ЭТФ кафедрасынaн профессору Ы. Ташполотов, кафедра башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев, улук окутуучу А. Орозбаева жана ЭТФ кафедрасынын аспирантты Т. Ибраимов илимий конференцияга катышып, профессор Ы. Ташполотов жана доцент М.Ч.Осконбаев пленардык отурумда илимий баяндама жасашты. Профессор Ы.Ташполотов программалык комитетке , ал эми доцент М.Ч. Осконбаев уюштуруу комитетинде мүчө болуп программага киргизишти. Илимий конференция 12-13- октябрда (2023-ж) АнГУда өттү.

2021-жылы 2-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университеттинин Физика-техника факультетинде Ош шаарындагы физика мугалимдеринин “август усулдук окуусу” уюштурулду. Иш чаранын жүрүшүндө Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы доцент, Осконбаев Маралбек Чотоевич “Физика сабагында виртуалдык лабораторияны пайдаланып окутуу”деп аталган доклад окуду. Бул доклад азыркы заманбап иновациялык технологияны пайдаланып, мугалимдер окуучуларга компотенттүү сабак өтө ала тургандыгы боюнча толук маалымат берилди. Ошондой эле практикалыык түрдө бир нече мисалдар келтирилди. Мугалимдердин кызыгуусу жаралып кызыктуу талкуу жүргүзүштү. Мындан сыркары өздөрүнүн көйгөйлөрүн да айта кетишти. Жыйынтыгында мугалимдер докладчыга ыраазычылык айтышты. Жыйын учурун пайдаланып, аккредитация үчүн керектүү анкеталарды жүргүзүүгө жетиштик.

12-апрель космонавтика күнү

ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Маралбек Чотоевич Осконбаев 12-апрель “Космонавтика жаңы” карата Ош шаарындагы №22 С.Шарипов атындагы гимназия-мектебинде конок лекция өтүп, мектеп уюштурган майрамдык иш чарага катышып келди.



кандидат диссертаций талкуулоо

12-майда ОшМУнун аспиранты Абдимуталипова Зейнура Каныбековнанын » Численное моделирование струйных турбулентных течений»- деген кандидатык диссертациясы ЭТФ кафедрасында талкуудан өттү . Илимий жетекчиси ф.-м.и.д., доцент Курбаналиев А.Ы. талкуунун жыйынтыгында Абдимуталипова Зейнура Каныбековнанын Численное моделирование струйных турбулентных течений»- деген кандидатык диссертациясы коргоого сунушталды.


Илимий конференцияда

ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч.Осконбаев Ош мамлекеттик гуманитардык педагогикалык университетинин профессору Сапарбек Мадраимовдун 75- жылдык юбилейине арналган «Санариптештирүү мезгилиндеги билим берүүнүн өнүгүүсүндөгү заманбап тенденциялары ” деген аталыштагы эл аралык илимий –практикалык конференцияга катышып, баяндама жасап 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Ошондой эле Ыссык-Көл мамлекеттик университетинин, БатМУнун жана башка окуу жайлардын физиктери менен “физика” бакалавр багытынын жаны стандарт боюнча окуу планы талкууланды. Илимий конференция 13-майда ОшГМУда өттү.


Конок лекция

14-майда ОшМУнун физика адистигинин 4-курс студенттерине К. Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, ф.-м.и.к., доцент Садыкова Элнура «Заттардын электрондук теориясы» деген аталыштагы конок лекция өттү.


Эмгектин үзүрү

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш байлыктары институнун лабораториясынын башчысы, ЭТФ кафедрасынын проффессору Ташполотов Ысламидин Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланат.

ОшМУда жылдын жыйынтыгы боюнча “Мыкты кыргыз тилинде даярдалган окуу китептеринин топтому” номинациясы боюнча, ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент Осконбаев Маралбек Чотоевич диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, илимий-изилдөө иштеринде жетишкен ийгилиги үчүн эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын окутуучусу Орозбаева Айнагул Асланбековна диплом менен сыйланды.

ОшМУнун окутуучусу “Илим-мамлекеттик тилде” аттуу конференцияга катышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган "Илим-мамлекеттик тилде" аттуу илимий-практикалык конференцияга ЭТФ кафедрасынын окутуучусу А.Орозбаева катышып, "Физика-математика илиминдеги мамлекеттик тилдин орду" деген темада баяндама жасады. Катышуучулар тарабынан жасалган баяндама кызуу талкууланып, баяндамада сунушталган сунуштар жактырылды.


Астанада илимий конференция

ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч. Осконбаев Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде өткөн катуу телолордун физикасы боюнча өткөн XV эл аралык конференцияга катышып, илимий баяндама жасап келди. ЭТФ кафедарасынын профессору, ф.-м.и.д., проф. Ы. Ташполотовдун окуучулары менен жазган илимий баяндамасы жарык көрдү. “ Техникалык физика” кафедрасы менен 510400 “физика” багытындагы магистратураны даярдоодо кош дипломдуулук боюнча жогоруда аты аталган ЕНУ менен келишимин түзүп келди. Иш чара 2022-жылдын 8-10-декабрында Астана шаарында өттү.


Агайыбызды эскерүү

ЭТФ кафедрасындагы илимий мектептин түзүүчүсү, ОшМУда биринчилерден болуп 01.04.07 «Конденсацияланган заттардын физикасы» боюнча кандидаттык диссертация коргоочу адистешкен илимий кенешти ачкан (2002-жылы) физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер Арапов Байыш Араповдун 80 жылдыгына эскерүү, 13-декабрь окумуштуунун туулган күнүнө арналып кафедрада болуп өттү.


Астанада илимий конференция

ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч. Осконбаев Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде өткөн катуу телолордун физикасы боюнча өткөн XV эл аралык конференцияга катышып, илимий баяндама жасап келди. ЭТФ кафедарасынын профессору, ф.-м.и.д., проф. Ы. Ташполотовдун окуучулары менен жазган илимий баяндамасы жарык көрдү. “ Техникалык физика” кафедрасы менен 510400 “физика” багытындагы магистратураны даярдоодо кош дипломдуулук боюнча жогоруда аты аталган ЕНУ менен келишимин түзүп келди. Иш чара 2022-жылдын 8-10-декабрында Астана шаарында өттү.


Жылдын мыкты мугалими-2023

510400 «физика» адистигинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү, Баткен областынын Лейлек районунун Хамза орто мектебинин физика мугалими Тойчиева Интизор райондогу “Жылдын мыкты мугалими-2023” кароо сынагына катышып, биринчи орунду женип алды. Мелдеш ушул жылдын 17-февраль күнү өттү.

Бильярд боюнча мелдеш.

18-февраль күнү ФТФнын кесиптик кошуну тарабынан факультеттин бильярд оюну боюнча мелдеши болуп өттү. Жыйынтыгында 45-жаштан жогорулар арасында ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаев, 1-орунду ээлеп, ОшМУнун бильярд боюнча мелдешине жолдонмо алды

Илим жумалыгынын ачылышы

2023 жылдын 10-май күнү физика-техника факультетинде КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, ф.-м.и.д., профессор Б. Араповдун 80-жылдык юбилейине арналган илимий жумалыктын ачылыш аземи болуп өттү. Пленардык жыйында профессор Б. Араповдун өмүрү, илимий ишмердүүлүгү жана чыгармачылыгы тууралуу ЭТф кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев сүрөт баяндама жасады.


Физикалык кече

13.04.2023-ж. Кара- Суу районундагы ОшМУнун гимназия мектебинде ЭТФ кафедрасындагы 510400 «физика» багытында окуган магистр Райкан Абдимиталипова «Физикалык кече» уюштурду. Кечээге ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев жана кафедра кызматкерлери Турдали кызы Назик жана Жаңыбай кызы Дияна катышып келди. 7-8-9-класстардын окуучулары улуу физик окумуштуулардын өмүр таржымалын чагылдырган атайын иш чара уюштурушту. Т.Эдисондун өмүрүн чагылдырып, «апалар ар дайым баласына жакшылык каалайт»- деген фраза менен бүтүрүштү.
Андан сырткары ар бир класстын окуучулары мектептеги физика программасына ылайык физикалык эксперименттерди көргөзүштү. 10 го жакын эксперимент көргөзүлдү. Ал эми эксперименттин физикалык маанисин залдагы көрүүчү болуп отурган 7-8-9-класстын окуучулары түшүндүрүп беришип, уюштуруучулардын сыйлыгына ээ болушту. Андан кийин ар бир класс өздөрү жасаган дубал газеталардын конкурсун уюштурушту. Дубал газеталардын жеңүүчүлөрү 7-8- класстын окуучулары доцент М.Ч. Осконбаевдин белеги менен сыйланышты.

Конференция ОшТУ

30-ноябрь 2023-жылы т.и.д., проф. А.С.Джаминбаевдин 90-жылдык юбилейине арналган “Жаратылыш кен байлыктарын рационалдуу пайдалануу көйгөйлөрү жана көмүрдү кайра иштетүүнүн заманбап технологиясы деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга ЭТФ кафедрасынын профессору Ы.Ташполотов жана ЭТФ кафедрасынын доцентти, т.и.к., доцент Э.Садыков жана физика-техника кафедрасынын деканы, т.и.к., доцент З.Ш.Айдарбеков катышып келишти.


Конок лекция – Бишкекте!

2024 –жылдын 1- март күнү И. Арабаев атындагы КМУнун, физика- математика факультетинин студенттерине ОшМУнун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев “Физиканы окутууда виртуалдык лабораторияларды пайдалануу” деген темада конок лекция өттү. Физик жана математик адистигиндеги студенттерден сыркары, физика –математика факультетинин деканы, доцент Гүлзат Токонбекова, педагогика Илимдеринин доктору, проф. Шаршенбек Алиев жана башка окумуштуулар катышты. Кече суроо- жооп менен коштолду.