Физика-техника факультетинде «Брейн-Ринг интеллектуалдык акыл таймашы» уюштурулду

2021-10-21 16:07:46 172

Брейн-Ринг интеллектуалдык акыл таймашын ФТФнын деканынын тарбия жана контракт иштери боюнча орун басары, студенттик жаштар кеңешинин төрагасы жана брейн-ринг сектору уюштурду. Иш-чараны ФТФнын деканы, доцент З.Ш. Айдарбеков ачып берип, өз сөзүндө студенттер жакшы окуу үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөр жаралып жаткандыгы белгилеп, катышуучу командаларга ийгиликтерди каалады. Жалпы 5 команда күч сынашты. Алар: ЭС(б)-1-21, ФЕ(б)-1-21, ЭС(б)-1-20, ФЕ(б)-1-20, ЭС(б)-1-20. Таймаш үч этапка бөлүнүп, ар тараптуу кызыктуу суроолор менен толукталды. Брейн-Ринг интеллектуалдык акыл таймаштын жыйынтыгы упайларына карап аныкталды. 1-орунду ЭС(б)-1-21 тайпасы; 2-орунду ФЕ(б)-1-20 тайпасы; 3-орунду ФЕ(б)-1-21 тайпасы ээледи. Ал эми мыкты оюнчу деп ЭС(б)-1-19 тайпасынын студенти Маманов Мухаммед табылды. Студенттер оюнду жакшы деп баалап, ар ай сайын ар тараптуу суроолор менен толуктап уюштуруп туруусун суранышты. Жеңүүчүлөргө ФТФнын деканы, доцент З.Ш. Айдарбеков диплом жана грамоталарды тапшырып жыйынтыктап берди. Деканатка, уюштуруучуларга жана катышуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Брейн-ринг сектору ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенти Апсаматова Тумариза.