Энергетика кафедрасынын лабораториялык базасы жаңыланды

2021-10-08 10:30:07 256

ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичтин колдоосу менен физика-техника факультетинин Энергетика кафедрасынын материалдык техникалык базасы жалпы баасы 1462538 сом турган жаңы заманбап окуу лабораториялык жабдуулар менен толукталды. Энергетика кафедрасында окутулуучу төмөнкү дисциплиналары боюнча: § Электр менен камсыздоо системдериндеги электр коопсуздугу (25 лабораториялык иш); § Электр менен камсыздоо системдериндеги релелик коргоо жана автоматика (9 лабораториялык иш); § Электроэнергетикалык системдер жана тармактар (10 лабораториялык иш); § Электр жабдууларын монтаждоо, куроо жана иштетүү (24 лабораториялык иш); § Электрдик машиналар (12 лабораториялык иш); § Виртуалдык заманбап лаборатория (46 лабораториялык иш) алынды.